“Ыйман нуру” консолидацияланган бюджет боюнча маселени көтөрдү

Кечээ, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ыйман нуру” фракциясы «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» мыйзамынын долбоорун карап, колдоду. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Аталган маселе боюнча баяндама жасаган финансы министри Алмаз Бакетаев мыйзам долбоору 2023-2025-жылдарга бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу жана бюджеттик процессти эффективдүү башкаруу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 322 миллиард 766 миллион сом же ИДПга карата 34,8 пайыз өлчөмүндө каралууда. Ал эми чыгашалардын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 344 миллиард 29 миллион сом (ИДПга карата 37,1 пайыз) деп белгиленди. Тагыраагы, 2023-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 миллиард 263 миллион сомду же ИДПга карата 2,3 пайызды түзөрү күтүлүүдө.

Талкуу маалында депутат Динара Ашимова консолидацияланган бюджет боюнча маселени көтөрүп, Бюджет кодексинде мындай норма жок экенин баса белгиледи. Министр 2012-жылдан бери консолидацияланган бюджет боюнча маалыматтар республикалык бюджетке тиркеме түрүндө чагылдырылып келе жатканын айтты.

Ошондой эле депутат Султанбай Айжигитов да Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин консолидацияланган бюджетке киргизүү туура эмес экенине токтолуп: “Бюджеттик кодекске консолидацияланган бюджет тууралуу так аныктама бергиле. Бардык суроолорго каражат жок деп жооп бересиз. Бирок мамлекет жарандардын алдында социалдык милдеттенме алгандыктан, бул сөзсүз аткарылышы керек дегенди билдирет”, — деди.

Фракция лидери Нуржигит Кадырбеков бюджеттик каражаттарды уурдоого каршы күрөшүү маселелерине токтолуп, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн так механизмдери керектигин кошумчалады. Муну менен катар республикадагы ирригациялык системаны калыбына келтирүү жана оңдоо, Баткен облусунун калкын колдоо үчүн атайын эсептик каражаттар боюнча маселелерди көтөрдү. Андан тышкары, маданиятты өнүктүрүү жана колдоо боюнча атайын фонддорду түзүү зарылчылыгын кошумчалады.