«Үлгүрүш керек…» Ташиев оорусу тууралуу үн катты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев оорусу тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады. Анда ал эч кимге айтпай 3 күн ооруканада жаткандан кийин анын абалы тууралуу маалымат билинип калганын жазат. «Эми өзүмдүн диагнозумду билем, мындан ары катуу иштейм, үлгүрүш керек…» деп жыйынтыкталган билдирүү.

Үч күн мурда УКМК Ташиевдин ооруканага түшкөнүн маалымдаган эле.