«Үмүт ушул үчүн каза болду беле?». Эльвира Сурабалдиева Садыр Жапаровго кайрылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, УКМКнын төрагасы анын орун басары экенин баса белгиледи.

«Сиз Сурабалдиевдердин үй-бүлөсү менен Камчыбек Ташивдин үй-бүлөсүнүн капиталына текшерүү жүргүзүп бере аласызбы? Мен буга даярмын. Ошондо билебиз, бул өлкөдө ким салык төлөп жатканын», — деп сурады.

«Депутат өз шайлоочуларынын жана өз уятынын алдында гана жооп берет. Суроо бердиңиз, угуңуз же сүйлөй бериңиз. Бир топ кичүүсүз. Өтө аша чаппасаңыз. Салык кызматы өзү так маалымат айтсын. Саясатка айландырбасак», — деди Жапаров.

«Мен бизнестен корксом, парламентке келбейт болчумун. Жээнбеков 25 жылга каматам дегенде мен 5-октябрда чыккам. Мен андан каркпойм. Кудай бар. Камалып чыккандар деле президент болду. Аялды коркутуп-үркүтүү эркектикке жатпайт. Садыр Нуркожоевич, сиз көрүп турасыз. Биз ушул үчүн октябрда чыктык беле? Үмүт ушул үчүн каза болду беле? 1,5 миң жаран жарадар болду. Ушул үчүнбү? Чындык каякта?» — деди ал.