«Ынтымак» партиясынын курултайы өттү. Тизмесинде кимдер бар?

Бүгүн, 11-октябрда «Ынтымак» партиясынын курултайы өттү. Бул тууралуу партиянын соцтармактагы баракчасында жазылат.

«Курултайда бир катар спикерлер адамдык капитал, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору тууралуу сөз сүйлөштү. Партия өз идеяларын «Ынтымак» манифестине топтоп, аны делегаттар бекитишти», — деп айтылат маалыматта.

Партия ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесин да бекитти. Анда Марлен Маматалиев менен Талант Мамытовдон сырткары бир топ белгилүү ысымдар бар. Алсак, Чыңгыз Макешов, Адинай Марипова, Бакыт Тентишев, Гүлнара Ташибекова, Алмамбет Шыкмаматов, Нурболот Мирзахмедов, Жаркынбек Касымбеков, Балбак Түлөбаев, Эрулан Кокулов, Лейла Лурова, Вероника Исаева, Канат Мидин уулу жана башкалар.