Жогорку Сот Боршайкомдун Ыргал Кадыралиеваны талапкерлердин катарынан чыгаруу тууралуу чечимин жокко чыгарып, «Ак Бата» партиясынын тизмесине кайра кошту. Бул тууралуу журналисттерге анын өкүлү Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, Ыргал Кадыралиева эми мандат алышы керек. Ал партиянын тизмесинде 3-орунда турган.
«Ак Бата» Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо 12,15% добуш менен 2-орунду алды. Мунун негизинде партияга 9 мандат тийиши мүмкүн.