Ырысбек Атажанов: «Иштеп кеткен 5 президенттин «экс» макамы алынбашы керек. Алардын жакшы жактары да бар»

Жогорку Кеңеште экс-президенттерди айрым артыкчылыктарынан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратып жатат. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керек деген демилге көтөрүлүүдө. Буга башка депутаттар кандай карайт?

Депутат Ырысбек Атажановдун айтымында, 5 президентте тең «экс» макамы калышы керек. «Иштеп кеткен 5 президенттин жакшы жактары да бар. Мен баарында макамы калсын дейм. Муну азыр коомчулук кандай кабыл алат, ошого жараша жооп берели», — деди ал.