Бейшемби, 12.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Ыш: Садыр Жапаров өнөктөш өлкөлөргө, каржы институттарына кайрылды

10:04 08.01.2023
0
Ыш: Садыр Жапаров өнөктөш өлкөлөргө, каржы институттарына кайрылды
Президент Садыр Жапаров ыш маселеси боюнча өнөктөш өлкөлөргө жана эл аралык өнүктүрүү каржы институттарына соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылды. Текст кыргызча, орусча, ошондой эле англис тилинде жазылган.

«Биздин өлкөдө ыш маселеси акыркы жылдарда эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп калганын баарыбыз көрүп турабыз. Ыш күз-кыш мезгилдеринде өзгөчө талкууга алынып, мында жылытуу үчүн көмүр пайдалануунун дагы үлүшү аз эмес. Бул маселени чечүү комплекстүү мамилени талап кылары талашсыз. Президенттик кызматымдын биринчи жылында мен экология жана жашыл экономика маселелерин мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири катары аныктагам. Биздин демилгебиз менен БУУ 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыяласа, өткөн жыл Кыргызстанда да “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыяланган. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттүү маселелери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде, миң жылдык мөңгүлөрү бар Кыргызстанга да тиешелүү. 2021-жылдын ноябрында Глазго шаарында Климаттын өзгөрүшү боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинин ачылышындагы кайрылуумда Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартууну көздөөрүн, ал эми 2050-жылга көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын билдирген элем. Ага ириде гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн аркасында жетишүү мүмкүн.

Кыргызстан гидроресурстарга бай өлкө. Суу ресурстарынын башында турганыбызга карабастан, эгемендүүлүк жылдарында жаңы ГЭСтерди кура албай, кышында электр энергиясын импорттоого аргасыз болгонубузду өкүнүч менен белгилейм. Эгемендиктин отуз жылында мазут, көмүр жана буга чейин болгон ГЭСтерден эле күчүбүздү чыгарып келгенбиз. Учурда биз гидроэнергетикалык дараметибиздин 10%га жакынын гана пайдаланып жатабыз. Ошондуктан, менин тапшырмам менен акыркы эки жылда өлкө боюнча кичи жана орто ГЭСтердин курулушу жигердүү башталып, инвесторлорго жеңилдиктерди берүү боюнча тиешелүү ченемдик документтер кабыл алынды. Келечекте ата мекендик энергетиканын флагманы боло турган эң ири курулуш «Камбар-Ата-1» ГЭСи башталды. Бул долбоорлорду ишке ашыруу менен Кыргызстанды чындап эле энергетикалык жактан көз карандысыз, электр энергиясын чет өлкөлөргө экспорттой турган өлкө деп атоого болот. Балким, мындан илгери жылдарда буга көбүрөөк көңүл бурулса, бүгүн ыш маселеси мынчалык курч турмак эмес. Күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жылуулук үчүн көбүрөөк колдоно алмакпыз.

Азыр биз жашыл экономиканы өнүктүрүүгө ишенимдүү багыт алдык. Дүйнө жүзү буга өзгөчө көңүл бурууда. Ошондуктан мен өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин жигердүү иштеп чыгууну тапшырдым. Айта кетсем, бүгүнкү күндө тышкы карызыбыз 4,2 миллиард доллардын тегерегин түзүүдө. Албетте, биз тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерибизди толук аткарып келе жатабыз жана мындан ары дагы аткарабыз, ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана аны менен дүйнөлүк экологиялык кырдаалды жакшыртууга чогуу-чаран салым кошолу деген демилгени көтөрүүдөбүз. Тышкы карызга төлөнө турган каражаттар “жашыл” долбоорлорду колдоого жумшалса жакшы болмок. Бул багыттагы долбоорлорду донорлор менен өнүгүү боюнча өнөктөштөр эле каржыласын дегенден алыспыз. Аларды ишке ашыруу үчүн өзүбүз дагы каржылык жактан салым кошуп, ишке ашырып келе жатабыз жана ашырууга даярбыз.

Жашыл экономика жөнүндө кептер көптөн бери ар кыл деңгээлде айтылып, тилекке каршы, басымдуу учурда сөз бойдон эле калып кетүүдө. Келиңиздер, бул жагдайды биргелешип өзгөртөлү. Жашыл экономика жаатында дүйнө өлкөлөрүнүн арасында аябай эле артта калып жатканыбыз жашыруун эмес. Биз бул жагдайды болушунча тез өзгөртүүнү ниеттенип жатабыз. Бул демилгебиз донор өлкөлөрдө, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдө колдоо табат деп ишенебиз. Азыркы учурда Кыргызстанда элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСтери курулууда. Бирок бул дагы жетишсиз. Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр. Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз. Жашыл экономика багытында курулган бул объектилердин кызыл тасмасын донор өлеөлөр менен чогуу кесмекпиз.

Биз, бардыгыбыз балдарыбыздын экологиясы таза, бай өлкөдө жашашын каалайбыз. Биз өз дараметин ырааттуу пайдаланган, чыныгы энергетикалык көз карандысыз өлкө болгубуз келет. Андыктан, мамлекет экология маселесине жана жашыл экономикага көбүрөөк көңүл буруп, бул багытта ишмердүүлүгүн уланта бермекчи», — деп жазылат кайрылууда.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:38 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады....

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:18 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Ант бергендер:...

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:19 11.03.2026
0

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезексиз жыйын өткөрүп, Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө...

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:14 10.03.2026
0

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулду. “Кызматка дайындалганына бир ай боло электе эмнеге иштен кетирип жатышат? Бул жогорку...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү