Ысык-Көл облусунда бүгүн, 31-мартта “Калкан-2022” атайын тактикалык машыгуусу өтүүдө. Ага президент, Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жаткан машыгууга көз салууда.
Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу. Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда. Анда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу Чек ара кызматынын куралдануусундагы “Байрактар ТБ-2” сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулат. Ал 2021-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына сатып алынган.