Ишемби, 24.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүрөт». Садыр Жапаров уулу Рустам инвесторлорду тартуу менен алек болуп жүргөнүн айтты

14:26 02.10.2024
0
«Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүрөт». Садыр Жапаров уулу Рустам инвесторлорду тартуу менен алек болуп жүргөнүн айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берип, Өзгөндөгү айланма жолдун курулушуна курулушуна УКМК төрагасынын уулунун атын аралаштырып жатышкандарга маалымат берди. Ал ошондой эле «Уулуңуз Рустам, бир туугандарыңыз, УКМК төрагасынын балдары жана бир туугандары мамлекеттик иштерге аралашууда деп айтууга негиз барбы?» деген суроого жооп берди.

«Рустам жана бир туугандарыбыз боюнча айта турган болсом, бир дагы бир тууганыбызды мамлекеттик иштерге аралаштырган жокпуз жана аралаштырбайбыз. Мен аларга мамлекет менен иш кылбагыла деп дайыма айтып келем. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек. Мурда кандай эле? Колунда бийлиги бар чиновниктердин көпчүлүгү ӨКМ, Энергетика министрлиги, Айыл чарба министрлиги, салык, бажы жана башка мамлекеттик ишканалар менен иш кылышчу. Өтпөй калган же болбогон товарларын «зачет же взаиморасчет» деп 2-3 эсе кымбатка тапшырып иш кылышат эле. Анын баары азыр кан буугандай токтогон.

Ошол үчүн министрликтерде өсүү, өнүгүү болуп жатат. Рустам болсо инвесторлорду тартуу менен алек. Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүрөт. Кудай буюрса, эмдиги жылы ачылышын кылабыз деп турабыз. Биринчи жолу аянты боюнча Орто Азияда эң чоң гольф аянтчасы болот.

Андан сырткары, өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат. Алдыдагы 5 жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деп жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт.

Таймурас дагы муктаж адамдарга үйлөрүн куруп берип, жетим-жесирлерге жардам берип жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Кечээ жакында селдин кесепетинен улам, үйү жараксыз болуп калгандарга үй салып берип жатат.

Мурда президенттердин балдары качан жардам берчү эле. Тескерисинче, “келе” дешчү эмес беле, чынбы? Эң негизгиси мамлекетке зыян келтиришпесе болду. Жасап жаткан иштери мамлекеттин иштери менен аралашпайт.

Инвесторлор менен иштеп жатышат. Мен дайыма баарына “Балдар, инвесторлор менен иштегиле. Өлкөгө инвесторлорду тарткыла. Тапкан пайдаңарды эч качан мамлекеттен тышка ташыбагыла. Тескерисинче, сырттан мамлекетке ташыгыла. Мына ошондо Кудайдын алдында да, кыргыз элинин алдында да жүзүңөр жарык болот” деп айтып турам.

Биздин өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионерибиз бар. Көпчүлүгү акчаларын офшорлордо сакташат. Ошол үчүн легализация мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаларын өлкөгө толук алып кирише элек. Жарым-жартысы алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар.

Мен аларга “коркпой алып келгиле, жогоруда мен айткан долбоорлорго катышкыла” деп айтаар элем. Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз. Ошол эле сындап жаткандар, журналисттер жол эле эмес, бардык тармактарга инвесторлорду таап келишсин, катышсын, алып иштетишсин.

Ии баса, дагы бир чоң долбоор бар. “Тамчы” аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу отель салып башташты. Ал жерде 90 гектар жер бар. 10 гектардан 9га бөлгөнбүз. 9 беш жылдыздуу мейманкана курулат. Биринчиси башталды. Эки жылда ишке бересиңер деп талап коюп жатам. Өзүбүздүн ички инвесторлорду, олигархтарыбызды чакырам. Алгыла да салгыла, бир эле талап – 5 жылдыздуу мейманкана салуу, аны эки жылда ишке киргизүү. Кийин анан жердин баарын жалаң чет өлкөлүктөргө берип салыптыр деп чыгышпасын. Азиз Суракматов деген жигитибиз “мен бирөөнү салам” деп жер сурады эле. Келсин, салсын. Жерлер даяр, бүгүн бергенге даярбыз.

Албетте, биринчи өзүбүздүн ички инвесторлорго басым жасасак жакшы болот эле. Себеби кийин тапкан таза кирешелери толук бойдон өзүбүздүн өлкөдө калат эле. Тыштан келген инвесторлордон деле зыян тартпайбыз. Акча кирет, жумуш орундары түзүлөт, салыктар түшөт. Бирок таза кирешелерин өздөрү алып кетишет да», — деди өлкө башчысы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

14:25 23.01.2026
Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

14:48 23.01.2026
Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

1
Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

14:48 23.01.2026
Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

14:25 23.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү