Ысык-Көлдүн башчысы болуп дайындалган Бишкектин мурдагы мэрин кантип узатышты?

Бишкектин жаңы дайындалган мэри Айбек Жунушалиев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровду узатышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Айбек Жунушалиев жана Куванычбек Конгантиев экс-мэрдин борбор калааны өнүктүрүүдө — жалпы билим берүүчү жана социалдык мекемелерди курууда, автобустарды ишке киргизүү жолу менен транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө, турак-жай конуштарын газдаштырууда, санитардык полигонду өчүрүүдө олуттуу салым кошкондугу үчүн мэриянын «Алтын Төш белгиси» менен сыйлашты. Мэрия тараткан сүрөттөрдөн ага калпак кийгизгенин да көрүүгө болот. Жыйынтыктоочу сөзүндө мурдагы мэр мэриянын жамаатына биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирген.

Мурдагы мэр Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.