Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Министрлер кабинети жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды.
Макулдашуунун долбоорун Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Ал билдиргендей, 5 жылдыздуу мейманкананы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына куруу пландалууда жана ага жалпысынан 17,24 гектар жер бөлүнүп берилүүдө. Директордун орун басары макулдашуу 1997-жылдагы кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыкканын белгилеп, макулдашууну колдоп берүүнү өтүндү. “Бул туристтерди тартуунун стратегиялык кадамынын бири болуп саналат. 5 жылдыздуу мейманкана куруу мөөнөтү 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17,24 гектар, анын ичинен 4,92 гектары – парк, пляж болмокчу. Ал эми 12,32 гектар — инфрастурктура же мейманкага курулган жер”, — деди ал.
Талкууда депутат Шайлообек Атазов курула турган 5 жылдыздуу мейманканадан Кыргызстан кандай пайда көрөрүн сурады. Буга өлкөнүн туризм индустриясын өнүктүрүүгө, тикелей инвестиция алууга жакшы шарттар түзүлөт деген жооп болду.