Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган депутат Тазабек Икрамов «юриспруденция» деген сөзгө келгенде мүдүрүлдү. Эл өкүлү бул документти Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында окуп жатып, кезектеги сөзүн айта албай калды.
Буга чейин депутат «гомосексуализм» сөзүн айта албай кызуу талкууга алынган. Андан кийин өзүнө антисептик чачып жатканда тартылган сүрөтү да талкуу жараткан.