Юрист Чолпон Жакупова учурда бизнеске болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатканын айтып, президентке кайрылуу жасады

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова социалдык тармактардан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Анда Жакупова Садыр Жапаровдон өлкөдө экономикалык саясатты жүргүзүү үчүн бизнеске калыс жана ыңгайлуу эрежелерди, мыйзам тарабынан жана сот бийлиги жактан көз карандысыздыгын камсыз кылып берүүнү суранган.

Ошондой эле ал президенттен ал чыгарган жарлыктардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнүн эффективдүү системасын уюштурууну суранган.

«Азыр коррупция менен күрөш жүрүп жаткан кезде, күч органдары президенттин жарлыктарын жана атын жамынып алып, бизнеске мурда болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүп жатышат. Ошондой эле акыркы убактарда кеңири колдонулуп жаткан “адилеттүүлүк менен түзгөн келишимдерди” өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Соттук-укуктук реформанын бул новелласы кылмыш иликтөө ыкмаларын жакшыртууга, тергөө жана сот органдарына түшкөн жүктү жеңилдетүүгө багытталган. Ошол эле учурда, иш жүзүндө укук коргоо органдары ушул процессуалдык куралдын маңызын бузуп коюшууда. Бул тергөө менен кызматташууну кыянат максатта колдонуу коркунучун жогорулатат»,- деп айтылат юристтин кайрылуусунда.