Юрист Медер Алиев: “Ачуу чындык! Бирок парламентаризм эң жакшы система”

Парламенттик система тең салмактуулукту кармаган эң жакшы система. Бул ачуу чындык. Мындай пикирди бүгүн, 24-февралда юрист, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Медер Алиев СуперТВ телеканалында «Саясий Коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Биз эртели-кечпи парламенттик системага кайтып келебиз деп ойлойм. Себеби демократиялык система, тең салмактуулуктун системасы парламентаризм. Бирок парламенттик системанын өзөгү ал жакшы функциясын аткарыш үчүн саясий партиялардын институту күчтүү болушу керек. Маселен өнүккөн парламентаризм Европа өлкөлөрүндө партиялар 100, 200 жылдап калыптанган. Биз да ошол деңгээлге жетишибиз керек», — деп билдирди Алиев.