Юрист Медер Алиев: “Конституциялык кеңешмеге кирген 20 депутаттын экөөсүнөн башкасы басып да келген жок”

Конституциялык кеңешменин катарына кирген 20 депутаттын экөөсүнөн башкасы эки жарым ай ичинде кеңешмеге басып да келишкен жок. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юрист Медер Алиев СуперТВ телеканалында «Саясий Коктейль» берүүсүндө маек берип жатып айтты.

«Жалпы жонунан Конституциялык кеңешменин курамында 100гө жакын мүчө болду. Алар илимий чөйрөдөн, коомдук ишмерлер, ал эми 20сы Жогорку Кеңештин депутаттары эле. Ошол жыйырмасынан эки жарым айда болгону экөөсү эле келип иштеп жатышты. Мен алардын аттарын да атай алам. Бири — Кенжебек Бокоев, экинчиси — Үмбөталы Кыдыралиев. Калган он сегизин көргөн да, билген да жокмун. Буга массалык маалымат каражаттары, кеңешменин мүчөлөрү далил болуп бере алышат», — деп билдирди Алиев.