Конституциянын жаңы долбоорунда бийликтин тең салмактуулугу жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Кыргызстан юристтери бирикмесинин маалымат жыйынында айтылды.
Жыйында сөз алган юрист Сания Токтогазиева мыйзамдын жаңы долбоору боюнча бийликтин көпчүлүк бөлүгү президенттин колуна өтүп кеткенин айтты. Ал учурда сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоору эл аралык практикага дал келбей турганын белгиледи.
«Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, сот жана күч түзүмүн, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларын, башкы прокурорду жана өкмөттүн түзүмүн президент дайындайт. Ошондой эле президентке импичмент жарыялоо процесси татаалдаштырылган. Парламенттин президентке импичмент жарыялоо сунушу башкы прокуратура, конституциялык сот тарабынан жактырылышы керек. Аларды президент өзү дайындап жатса, алар кайра президентти кетирмек беле. Бул демократиялык шартта президенттик башкаруу сыяктуу көрүнгөнү менен, супер президенттик башкарууга айланып кеткен долбоор десек болот. Бардык бийлик президенттин колуна топтолуп берилген”, — деди Токтогазиева.











