Юристтер Садыр Жапаровду жарыштан чыгарып коюуга БШКда бардык негиз бар дешүүдө

Юристтердин айтымында, президенттикке талапкер Садыр Жапаровду жарыштан чыгарып коюуга БШКда бардык негиз бар.

Жактоочу Бекболот Касаболотов Жогорку Сотко билдирме жөнөтүп, анда ал Жогорку Сот өз чечимин жокко чыгарган соттук акттын көчүрмөсүн көрсөтүүнү сураган. Тагыраагы мында 2013-жылдагы “бийликти басып алууга аракет жасоо” иши тууралуу сөз жүрөт. Ушул жылдын 6-октябрында Жогорку Сот бул ишти карап чыгып, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди актаган болчу.

Дагы бир юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, Жогорку Соттун маалыматында жогорудагы эле иш боюнча айыптоо өкүмү жокко чыгарылып, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш кайрадан кароого жөнөтүлгөн. “Бирок Жогорку Сот ушул күнгө дейре соттук актты жарыялай элек. Ал жок деп шектенүүгө бардык негиздер бар. Эгерде Жогорку Сот аны жарыялабаса, анда БШК Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттоосун жокко чыгарышы зарыл болуп калат”, — дейт Нурбек Токтакунов.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, Садыр Жапаров 14-октябрда колонияга кайтышы керек болчу. 6-октябрда Жогорку Сот 2013-жылдагы өкүмдөрдү жокко чыгарган иш боюнча УКМК 21-октябрда гана кылмыш курамы жок деген негиз менен кыскартканын айтат. “6-октябрдан тартып 21-октябрга дейре Садыр Жапаров абакта кармалышы керек эле. Ал соттун токтомунун негизинде гана эркиндикке чыга алмак. Ошондой токтом барбы? Жок болсо, анда Албек Ибраимов менен Сапар Исаковго карата жасалгандай эле Садыр Жапаровго карата да кылмыш ишин козгоо зарыл”, — дейт Замир Жоошев.

Жогорудагы юристтердин билдирүүлөрүнө карата президенттикке талапкер Садыр Жапаров жана анын штабы үн ката элек.