Юстиция министрлиги тарабынан 138 мыйзамды күчүн жоготту деп табылышы сунушталды

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйынды комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков алып барды. Мыйзам долбоору тууралуу маалымат берген юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков сунушталган долбоор Кыргыз Республикасындагы ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоого багытталганын кошумчалады. Белгилүү болгондой, 138 мыйзамды күчүн жоготту деп табуу каралууда. Талкууда депутаттар “Ар бири тыкыр иликтенгенби? Эмне үчүн алар иштеген эмес?” деген суроолорду берип, эксперттердин корутундулары бирге карап чыгуу сунушу менен маселени кийинкиге калтырышты.