«За какие красивые глаза» бекер акча берип жатат?». Депутат «Кыргызстанды сатыкка даярдап жатабызбы» деген суроо салды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов «биз эмне Кыргызстанды сатыкка даярдап жатабызбы?» деген суроо салды.

«Жөнөкөй эле анализ кылып көргүлө. Жайыттар мыйзамына өзгөртүү киргизип туруп, жайыттарды ээлеп алууга аракет кылып жатканы — бул бир. Экинчиси, алтыныбыздын 30 эле пайызына ээлик кылабыз деп жатканы. Жашыл климаттык фонд бизге 30 миллион доллар грант берип жатат. Буларды «за какие красивые глаза» берип жатат? Жакында эле Акылбек Жапаров сертификат тапшырып келди конвенцияны бекиткен үчүн. Ал жерден 150 миллион доллар берип жатат. «За какие красивые глаза» бекер берип жатат? Биз эмне Кыргызстанды сатыкка даярдап жатабызбы? Ойлонуп көргүлөчү биринчи. Этият болбосок, Кыргызстаныбызды дүңүнөн сатып ийгенибизди билбей калабыз», — деди ал.