Закир Шарапов: «Матраимовдор менен студенттик күндөрдөн бери доспуз»

Райымбек Матраимов туура бир апта мурда УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка киргизилген. Матраимов кармалганда аны колдоп чыккандардын митингинде саясатчылардан бир гана эл өкүлү Таабалды Тиллаев болгон. Буга байланыштуу СуперТВ каналы «Кечээ эле Матраимовдордун тоюна жоон топ саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, чиновниктер барып жатышкан. Бүгүн Матраимовдордун тарапташтарынын катарында бул саясатчылар көрүнбөй эле. Бул көрүнүшкө кандай комментарий берет элеңиз? Алар Матраимовдон жүз буруп кетиштиби?» деп суроо салдык.
«Матраимовдор менен студенттик күндөрдөн бери доспуз. Ата-энелерибиз менен дагы жакшы мамилебиз бар. Жакшы тарбия көргөн, ар бир ишти мыкты деңгээлде аткарган, илимдүү-билимдүү балдар. Бүгүнкү күндө бир тараптуу гана иликтөөгө алынып, бир кишиге күнөөнү илүү туура эмес деп ойлойм. Бул ишти комплекстүү карап, коррупциялык схеманы ким түзгөн, ким көзөмөлгө алган, андан түшкөн акча каяка кетип жатканын терең иликтөөгө алыш керек. Соттун чечимине ылайык ал өз күнөөсүн мойнуна алып чегерген айып пулду төлөп берди. Ал эми учурда болсо эмне себептен кармалганы мен үчүн белгисиз»,— деди жогорку кеңештин депутаты Закир Шарапов SEREP MEDIA маалымат агенттигине.

Сурамжылоону толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.