Замир Жоошев: «Жаңы парламент шайланып келип Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялашы керек эле»

«Биз, 5-октябрь күнү көчөгө Садыр Жапаров же башкасы президент болсун деп чыккан эмеспиз»,- дейт адвокат Замир Жоошев. Ал мындай билдирүүсүн «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты. «Ал күнү эл шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп, ал жокко чыксын деген талап койду. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын БШК жокко чыгарып, жаңы парлаенттик шайлоо дайындалышы керек болчу. Жаңы парламент шайланып келген соң Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыяласа туура болмок»,- дейт ал.

Адвокаттын маегин толугу менен шилтемеден табасыз.