Замир Жоошев: «Коррупция беренеси менен айыпталган Атамбаев 1 жылдан бери СИЗОдо, ошол эле берене менен Матраимов кармалып, камакта 1 күн отурган жок»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө кенен маек берди. Ал учурда Райымбек Матраимовдун тегерегинде жүрүп жаткан иштер кооптуу прецедентти жаратат деген пикирде. «Кылмыш жазык кодексинин көздөгөн максаттары дагы бар да? Ал кылмыш кылган адамды жазага тартуу менен башкаларга үлгү берет, тарбия берет, ошондой эле адилеттүүлүктү орнотот. Азыр эгер тергөөгө ишенип, Матраимовдун 2 миллиард чыгаша келтиргени чын деп кабыл алчу болсок, анда эртең ал сотто 5 миллион сом айып төлөп кутулат. Мындай аракеттер менен башка коррупционерлерге «10 миллион уурдап, 2 миллионун төлөйсүң, 8 миллион пайда табасың» деген прецедент түзүлүп калат. Ошол эле Матраимов боюнча дагы бир нерсеге токтолсом. Алмазбек Атамбаев дагы «коррупция» беренеси менен соттолуп, анан ал өкүм жокко чыгарылып, иш кайра тергөөгө кетти.  Атамбаев боюнча иштин айыптоо актысында 1 сом алды же 1 сом чыгаша келтирди деген далил да, кеп дагы жок. Ал эми Матраимов 2 миллиард чыгым менен 1 дагы күн СИЗОдо отурган жок»,- деп салыштырат адвокат.

Маекти толугу менен төмөнкү шилтемеден табасыз.