Жогорку Соттун судьясы болгон Замирбек Базарбеков президенттик администрациядагы кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттик администрациянын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Базарбеков Замирбек Курамаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдаштыы.

Кечээ, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Замирбек Базарбеков 94 депутаттын колдогон добушу менен Жогорку Соттун судьясы болуп шайланган. Ал өз кезегинде Садыр Жапаровдун адвокаты болгону маалым.