Замирбек Малабеков Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Премьер-министр Улубек Мариповдун буйругу менен Карашев Замирбек Осконович Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын сайтында жарыяланды.

Премьер-министрдин башка буйругу менен Малабеков Замирбек Төлөбаевич Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Ал 2014-2016-жылдары Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу болгон. Буга чейин бажы кызматында жетекчи кызматтарда иштеген, финансист жана менеджер, бажы кызматынын генерал-майору.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Бакыт Алиев менен төраганын орун басары Эльнура Мамбетжунушева өз ордунда калды.