Зарема Аскарова юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Юстиция министринин орун басары болуп Зарема Аскарова дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 4-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Юстиция министринин эки орун басары Максатбек Есеналиев менен Манас Сарымсаков  өз арыздарынын негизинде кызматтарынан бошотулушкан.