Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мандатынан ажырады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин мурунку башчысы 2017-жылы Өмүрбек Бабановдун ордуна «Республика-Ата Журт» партиясынан депутат болгон.
Анын Жогорку Кеңештеги ордун Өскөнбай Жээнбаев алды. БШКнын токтому менен Жээнбаевге Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды.