Зарылбек Рысалиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Анын ордуна ким келди?

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мандатынан ажырады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин мурунку башчысы 2017-жылы Өмүрбек Бабановдун ордуна «Республика-Ата Журт» партиясынан депутат болгон. 

Анын Жогорку Кеңештеги ордун Өскөнбай Жээнбаев алды. БШКнын токтому менен Жээнбаевге Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды.