Адегенде шайлоолор эмес, референдум өтүшү керек дегендер кечээ парламентте максатына жетишти. Жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынгандан кийин гана парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт. Мындай чечимге келүүгө бюджетте каражаттын чоң тартыштыгы, пандемиянын экинчи толкуну жакындап калганы, саясий оор кырдаал, шайлоо системасын реформалоо зарылдыгы себеп болгонун айрым эл өкүлдөр жүйө кылышты. Сындагандар да жок эмес. Депутат Дастан Бекешев “Жогорку Кеңеш бийликтин каалоолорун мыйзамдаштырып берип турган нотариуска айланды” деди.
Өмүрбек Текебаев баштаган Жогорку Кеңештин 9 депутаты өлкөнү саясий кризистен алып чыгуу аракетинде жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, ал колдоо тапты. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тийиштүү конституциялык мыйзамга кол койду.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, парламент жана өкмөттүн таасири күчөйт, президент бир катар ыйгарым укуктарынан ажырайт. Парламенттик кайра шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө токтотулуп турат, ал эми конституциялык реформа 2021-жылдын 10-январына дейре өткөрүлөт. Буга чейин Боршайком парламенттик кайра шайлоону ушул жылдын 20-декабрына белгилеген эле.
Буга чейин кош бийликти колго алган Садыр Жапаров Би-Би-Синин Кыргыз кызматына берген маегинде парламентке Конституциянын жаңы долбоору жөнөтүлөрүн билдирген.
Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. 27 жыл ичинде Конституцияга 10го жакын өзгөртүүлөр киргизилип, алардын дээрлик баары ошол кездеги президенттин, бийликтин таасирин күчөтүүнү көздөгөн. Соңку референдум 2016-жылдын декабрь айында өтүп, анда премьер-министрдин бийлиги кагаз жүзүндө бекемделген болчу. Эми бул жолку Баш мыйзамдын жаңы көйнөгү кандай болору Жаңы жылга дейре талаш чордонуна айланат.