Жаныбек Абиров шаардык кеңештин төрагасы бойдон калды

Бишкек шаардык кеңешинде бүгүн «Республика-Ата Журт», КСДП, «Мекеним Кыргызстан» фракцияларынан турган жаңы коалиция түзүлдү. Ал эми шаардык кеңештин төрагасы өзгөргөн жок. Жаныбек Абиров спикер бойдон калды.

Буга чейинки коалициянын курамында деле жогорудагы үч фракция бар эле, болгону коалицияда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы да бар болчу. “Кыргызстан” фракциясы оппозицияда экени маалым.
Шаардык кеңеште беш фракция бар. 19-ноябрда «Республика-Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» анын курамынан чыкканын жарыялашкан.