Жапаров Апрель окуясына бир гана Бакиевдер күнөөлүү деп эсептебейт

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуяларга бир эле Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү күнөөлүү эмес. «Адилеттүүлүк менен териштирсек, башка адамдардын да күнөөсү бар. Биз кылмыш ишине жете  элекпиз. Аны кайрадан иликтеп чыгуу керек. Башкы прокуратура тарабынан 10 жылдан бери анын экстрадициясы көтөрүлүп келе жатат. Бул бүгүн же эртең боло калбайт. Бирок бул процессти улантуу керек деп эсептейм. Толук иштегениме 10 эле күн болду», — деди Жапаров.