Жапаров: «Бабанов менен кызмат боюнча сүйлөшкөн жокпуз»

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

Анда «Өмүрбек Бабановду кандай кызматка аласыз?» деген суроо берилди. Бул собол респонденттин жылмаюусун жаратты.

«Жалгыз эле Бабанов эмес, бир канча саясатчылар кол сунуп келишти. Мен ким болбосун, кайдан келбесин, жардам берели, ынтымакташалы деген саясатчыларга эшигим ачык. Кызматка алуу боюнча Бабанов менен сүйлөшүү болгон эмес. Бир да саясатчы менен андай соодалашуу болгон жок», — деди Жапаров.