Жапаров: «Колумда укугум болсо, Атамбаевди эртең үй камагына чыгарып коймокмун»

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тагдыры тууралуу суроо берилди. «Ал октябрь айындагы окуялар боюнча эмес, башка иштери менен камалып отурат. Колумда укугум болсо, Атамбаевди эртең үй камагына чыгарып коймокмун. Соттор менен прокурорлорго тапшырма берип, айта албайт экенмин. Чыгарып койсом деле «диктатор, узурпатор» деп дагы айтып чыгасыңар. Ошондой болуп кетпесин деп сактанып турам», — деди Жапаров.