Жапаров: «Матраимов «мамлекеттен алганымдын баарын берейин» деди»

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

«Райымбек Матраимовду УКМК кармагандан кийин эле мага кабар беришти. Камаганы жатабыз дешти. 6-7 саат бою сүйлөшүүлөр жүрдү. Аны камап койгондо мамлекетке бир тыйын акча алып келе алмак эмеспиз. Саясий чечим кабыл алып, мен УКМКнын төрагасынан сурандым. Матраимов да «мени камап койсоңор, эч нерсе келбейт» деп ачыгын айтты. «Андан көрө мамлекеттен алганымды, мыйзамсыз байыган мүлктөрүмдүн баарын, акчамды Кыргыз өлкөсүнө алып келип, киргизип берейин» деди ал.

Буга чейин 10-15 жыл тарыхыбызда 100дөй саясатчы камалды. Бирок бир тыйын акча кустубу? Атамбаев боюнча эле алалы. 2 жылдан бери камакта жатат. Мамлекетке бир мүлкүн алдык же 5 сомун алдык деген болдубу? Биз аларды түрмөдө багып жатабыз. Камап койгондон эмне пайда? Андан көрө кустуралы», — деди Жапаров.

Анын иши Матраимовдун төбөсү көрүнүп калганы үчүн гана резонанс жаратып жатканын кошумчалады.