Жапаров мурда президентке кирип чыгуунун «ставкасын» айтты

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

Анда чет жердик инвесторлордун мамлекеттик органдар тарабынан куугунтукка алынышы боюнча суроо берилди. Ага Садыр Жапаров жооп берип жатып мурда президентке ишкер кирип чыгышы үчүн берген «ставканын» көлөмүн айтты.

«Башка өлкөлөрдүн эле эмес, бардык инвесторлорго эшик ачык деп жатабыз. Күч органдарына бир дагы инвесторду куугунтукка албагыла, тескерисинче шарт түзүп бергиле дедим. Журналисттер, факты менен сүйлөсөк.

Мен акыркы бир айда 100дөй инвесторду кабыл алдым, анын жарымы чоң бизнес менен иштегендер. Мурда президентке кирип чыгуу үчүн эле ортодогу адамдар 50 миң доллар сурашчу экен. Андан сырткары алардан үлүш сурашканын да уктум», — деди Жапаров.