Жапаров Нарынга кайра барып, убадаларды жаадырды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда иш сапары менен Нарынга кайра барды. Ал аймактарды кыдыруусун өз көзү ал жердеги чыныгы абалды көрүүгө жана ачуу чындыкты угууга даяр экендиги менен түшүндүрдү.

Жапаров эл менен жолугушууда “Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруп баштайбыз. Биз өзүбүз электр энергиясын чыгарган, суунун башында турган өлкө болуп туруп тескерисинче, кошуна өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алып жатабыз. Быйыл да сатып алат экенбиз. Башка өлкөлөрдөн сатып албаш үчүн биз ГЭСтерди тез аранын ичинде курушубуз керек” деди. Жапаровдун иш сапарында аталган каскадга баруу да пландалган.

Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргыз мамлекети менен Орусиянын 2012-жылы кол коюлган келишимдин негизинде башталган. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргыз өлкөсү келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор кароо керектигин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев билдирген.

Садыр Жапаров электр энергиясын керектөө чегин да жокко чыгарууга убада берди. Айтымында, ал чектөөлөр 2021-жылдын жаз мезгилинде жоюлат. “Азыр деле жоюп салсак болмок. Бирок эл кышында электр энергиясын үнөмдөбөй, жыйынтыгында линиялар көтөрө албай калат. 30 жыл чыдадыңар, дагы бир кыш чыдап койгула. Тариф мурдагы бойдон калат”, — деди Садыр Жапаров.

Убадалар ушуну менен эле токтоп калган жок. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр 100 миң сомго чейин банктан насыя алган үй-бүлөлөргө өкмөт тарабынан жардам берилерин билдирди. Анын айтымында, мамлекет жалпы 600 миңдей үй-бүлөгө көмөк көрсөтөт, өкмөт буга бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом бөлөт. Жардам ала тургандар үч айдын – декабрь, январь жана февралдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик алышат.

Конституциялык реформа боюнча да жылыштар бар экенин Жапаров айтты. “Баш мыйзамдын жаңы долбоору он чакты күн ичинде даяр болот. Азыр бизде парламенттик башкаруу. Бул жерде президенттик башкаруу деген сунуш болуп жатат. Парламент аралашма, жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык болсун деп жатабыз. Анан курултай институтун киргизебиз”, — деди Садыр Жапаров.