Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы менен эмне тууралуу сүйлөшө турганын айткан жок

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

«Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен бүгүн сүйлөшөм. Анда элге айтыла турган сөздөр да бар, элге айтылбаган да сөздөр бар. Кийин угасыздар», — деди.

Маалымат жыйын башталарда Садыр Жапаров саат 16:00гө чейин убактысы бар экенин эскертип, ал Орусиянын өкмөт башчысы менен сүйлөшөрүн айткан эле.