Жапаров: “Парламенттик шайлоо эң кеч кийинки жылдын май айында өтөт”

“Парламенттик шайлоо эң кеч кийинки жылдын май айында өтөт”. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ошко барган иш сапарында билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоо конституциялык реформадан кийин гана өтөт. “Башкаруу системасын алмаштырып алып, анан шайлоо өткөрөлү деп чечтик. Менин болжолумда апрель айларына, ашып кетсе май айларына барат. Ушул убакыттарда парламенттик шайлоо болот”, — деди Жапаров.

Эл менен жолугушууда “Эмне үчүн президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын  шайлоо өнөктүгүн чогуу өткөрүүгө болбойт” деген суроо берилди. «Биз конституциялык-укуктук талаага кайтып келдик» деп дүйнөгө жар салып жатабыз. Демек, Конституциянын ченемдерин так сактайлы, легитимдүүлүк сакталууга тийиш. Конституциянын 64-беренесине ылайык, президент гана Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт. Ошондуктан биринчи президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек», — деди Жапаров.