Жапаров Путинден телефон аркылуу байланышып сүйлөшүүнү өтүндү

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинден телефон аркылуу байланышып, сүйлөшүүнү өтүндү. Ал бул тууралуу кечээ, 10-ноябрда болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди.

“Орусия жетекчилигине жана Владимир Владимирович Путинге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргыз өлкөсүнө өз мезгилинде жана ырааттуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыз Республикасы евразия интеграциясы маселелери боюнча Орусия Федерациясынын ар дайым ишенимдүү өнөктөшү болот. Мамлекеттер аралык, экономикалык жана маданий байланыштарыбызды өнүктүрүү багытыбызды ырааттуу улантабыз. Биздин өлкөлөр ортосунда кызматташуу боюнча бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен аларды телефон аркылуу байланышып, талкуулоону өтүнөр элем” деди Садыр Жапаров.