Жогорку Кеңеште Аида Исмаилованын министрликке талапкерлиги колдоо тапкан жок

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште көндүм болуп калган көрүнүштөн тыш окуя орун алды. Тагыраагы министрликке талапкер катары сунушталган адамды депутаттар колдобой коюшту. Буга чейин айрым талапкерлер боюнча коомчулукта сын пикирлер жааганына карабай эл өкүлдөрү сунушталган адамды чымчымыш болуп, суроо берген түр көрсөтүп, жыйынтыгына келгенде бир добуштан колдоп берип коюшчу. Сөз башынан болсун…

Кечээ, 27-октябрда Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен, Аида Исмаилова социалдык маселелер боюнча вице-премьерликтен бошотулган. Экөө тең бийликчил “Биримдик” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан болчу. Бүгүн ошол эле Исмаилова Кочкоровдун ордуна, ал эми Исмаилованын ордуна депутаттык мандатын тапшырган Сурабалдиева талапкер катары көрсөтүлдү.

Вице-премьерликке бармай болгон Эльвира Сурабалдиева боюнча парламентте көп талкуу болгон жок. Өз учурунда экс-депутат жаңы кызматты президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров сунуштаганын айтты. Эл өкүлдөрү Сурабалдиеваны бир добуштан колдоп беришти. Буга удаа эле президенттин милдетин аткаруучу тиешелүү жарлыкка кол койду.

Маселе Аида Исмаиловага келгенде жаралды. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Исмаилова вице-премьер болуп турган учурда коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө начар иштеген. Эл өкүлү Үмбөталы Кыдыралиев Исмаилованы “пандемия учурунда ишин таштап коюп, шайлоого кетип калды” деп сындады. Спикер Канат Исаевдин айтымында, Исмаилова жетектей турган министрликтин бюджетин билбейт. “Атүгүл министрликтин аталышын да туура айта албай койдуңуз. Сизге министр болууга эрте” деди төрага. Бирок быйылкы жылдын апрель айында ушул эле чакырылыштагы депутаттардын 91инин макулдугу менен Аида Исмаилова вице-премьер болуп бекитилген эле. Бүгүн анын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болушуна 38 гана эл өкүлү макул болду.