Жогорку Сот Боршайкомдун даттануу арызын караган жок

Парламенттик кайра шайлоонун 20-декабрга белгилениши боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын даттануу арызын Жогорку Сот караган жок. Арыз БШКга арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде бүгүн кайтарылып берилди. Тагыраагы даттануу арызын 3 күн ичинде берип үлгүрүү керек.

Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Соттун чечими акыркы болуп саналат жана кайра даттанууга жатпайт. Жогорку Соттун маалыматына ылайык, арыз жиберүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт, мөөнөтү аяктагандан кийин даттануу кабыл алынбайт.

21-октябрда Боршайком парламенттик кайра шайлоонун күнүн 20-декабрга белгилеген эле. 24-октябрда бул чечимди караган административдик сот БШКнын жогорудагы токтомун жокко чыгарган. Судья 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы чыга электе Боршайком тарабынан шайлоону кайра өткөрүү дайындалган деген жүйө келтирген. Буга макул болбогон БШК 28-октябрда Жогорку Сотко даттануу арызы менен кайрылган. Бирок мамлекеттик алым төлөнбөптүр деген негизде иш биринчи жолкусунда  Жогорку Сотто каралбай калган. Боршайком документтерин толуктап, 29-октябрда арызын кайра берген. Экинчи жолкусунда деле иш БШКнын пайдасына чечилген жок.

БШК белгилеген күнгө президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров да каршы болчу. Анын позициясын эске алуу менен Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик кайра шайлоону кийинки жылы президенттик шайлоо менен конституциялык реформадан кийин өткөрүүнү колдоп беришкен эле.

Эске сала кетели, 20-декабрга БШК тарабынан белгиленген парламенттик шайлоого 48 партия катыша турганын билдирүүгө жетишкен. Алардын арасында “Мекенчил” партиясы жок болчу.