Жумалиев Жапыкеевди сотко берди

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев өзүнө таандык 34 компаниянын жетөө гана иштеп жатканын журналисттерге билдирди. «Мен эч качан коррупциялык иштерге катышкан эмесмин. 2005-жылы мартта кызматтан кеткенде бир батир, Аламүдүн районунда эки жер тилкем, келинчегимдин эки-үч жер тилкеси бар болчу. 2005-2017-жылдар аралыгында бизнес менен алектенип, чет жактан инвесторлорду тартып ишканаларды ачтык. 2015-жылы 15ке жакын компанияны ишенимдүү башкарууга өткөрүп берип депутат болуп келгем», — деди Жумалиев.

Депутат ошондой эле Финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеевди сотко берерин билдирди. Жумалиев бардык мүлкүнө мыйзам чегинде ээ болгонун айтып, укук коргоо органдарынын текшерүүсүн мыйзамсыз деп эсептейт. Буга чейин Финпол Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана ага таандык менчик жогорку окуу жайында тинтүү жүргүзгөнү маалым болгон.