Жунушалиев менен Опумбаев изделүүдө

Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев изделип жатат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Баткендеги иш сапарында айтты. Кашкар Жунушалиев Ички иштер министри, ал эми Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп турган. Алар 5-октябрдан бери кайда экени белгисиз.

Садыр Жапаровдун айтымында, милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болуп кеткенине күнөөлүүлөр жазага тартылат. 5-октябрда түнү “Ала-Тоо” аянтындагы митингге улай орун алган башаламандыкта 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу жараат алып каза болгон.