Зулпукаров «Биримдикте «золотой мандат» болгон эмес» дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров “Биримдик” партиясында акчадан улам тартыш болуп жатат” деген кептер боюнча билдирүү жарыялады. Тагыраагы социалдык тармактарда “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкер болгондор Зулпукаровдон акчасын доолап жатышат деген сөздөр тараган.

“Биздин партиянын талапкерлеринин арасында “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес. Ар бир талапкер өзүнө бөлүнүп берилген округдарында каржы маселесин да мойнуна алып, айрым жерлерде бири-бирине жардам беришкен. Менин жеке өзүмө “золотой мандат” үчүн деп бир дагы талапкер кайрылган эмес жана шайлоодон кийин каржы боюнча жаныма келип доомат да кылышкан жок”, — деп жазылат Төрөбай Зулпукаровдун билдирүүсүндө.

4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы БШКнын чечими менен жокко чыгарылган. Анда эң көп добушту “Биримдик” партиясы алган эле.