Зулушев: «Шайлоодо админресурс колдонулбайт». Жоопкерчилик Жапаровдо

Алдыдагы шайлоодо административдик ресурс колдонгондорго чара көрүлөт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүгү — референдум менен чогуу өткөрүлө тургандыгында. Андыктан, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактоо үчүн атайын штабдар түзүлгөн.

«Эгер шайлоо күнү кандайдыр бир мыйзам бузуулар же административдик ресурс колдонуу фактысы аныкталса, сөзсүз түрдө тийиштүү чаралар көрүлөт», — дейт башкы прокурор.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында административдик ресурс көп колдонулганы боюнча фактылар катталып, коомчулук арасында нааразычылык жаратып, элдик толкундоолордун негизинде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Учурда Сооронбай Жээнбековдун “Биримдик” партиясынын өкүлдөрү “биз административдик ресурсту колдонгон жокпуз” деп танышууда.

Ал эми алдыда турган президенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонууга мүмкүнчүлүгу бар бир гана талапкер бар. Ал – Садыр Жапаров. Демек, жоопкерчилик Садыр Жапаровдо.