Президент Садыр Жапаров башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов журналисттерге ырастады. Анын айтымында, сунуш Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.
Кечээ, 4-июнда Максат Асаналиевдин талапкерлиги сунушталып жатканы тууралуу иш кагазы соцтармакта жарыяланган.
Максат Асаналиев 2022-жылдан бери Ош облусунун прокурору кызматын ээлейт. Ал 46 жашта. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган.
3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткен. 5-июнда Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевди башкы прокурорлуктан бошотууга макулдук берди.