Айсулуу Мамашова, №8: “Агартуу тармагын өнүктүрүп, билимдүү коом түзөбүз”

“Кыргызстанда 200 миң бала 9-класстан кийин окуусун уланткан эмес”. Бул тууралуу “Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Айсулуу Мамашова теледебатта айтты.

Ал билим берүү системасынын 9-класстын денгээлинде токтоп калганына кейиди.

“Бул маселени чечүү үчүн “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жазып чыктык. Ага ылайык эми балдар 10-11-классты милдеттүү түрдө окушу керек, же кесиптик техникалык окуу жайга барып окушу шарт. Экинчисинде  мектеп программасын окуп аттестат гана алып чыкпастан, бир кесиптин ээси да болот”, — деди Мамашова.

Ал мындай ыкма Союз маалында кеңири колдонулганын айтып, жарандардын кийинки жашоосуна пайдасы көп тиерин баса белгиледи.

“Өлкөнү өнүктүрүү үчүн сапаттуу билим берүүгө муктажбыз. “Альянс” партиясы шайланып келе турган болсо, агартуу тармагындагы иштерди күчөтөт. Биз “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Агартуу тармагын өнүктүрүп, билимдүү коом түзөбүз”, — деди Айсулуу Мамашова.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!

Айсулуу Мамашова — 8

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.

Буюртмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы 1. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 18-ноябрь, 2021-жыл.