Алтынбек Сулайманов – №5: “Жаштарга узак мөөнөттүү ипотекаларды бериш керек”. Сүрөт баян

Алтынбек Сулайманов Ноокат районуна караштуу Гүлистан айыл аймагынын эли менен жолугушууда көп кабаттуу үйлөрдү салуу менен жер маселесин чечсе болорун айтты.

Сулайманов менен жолугуп, чечилбеген айрым маселелерди ортого салуу үчүн элеттиктердин басымдуу бөлүгү келишкен. Алар турак жай курууга жер тартыш болуп жатканын айтышып, талапкерден бул көйгөйдү чечип берүүнү суранышты.

“Чынын айтсам, Гүлистан айыл өкмөтүндө жер жок, аны мен кайдан таап берем? Убада берип жалганчы болгум келбейт. Муну чечүүнүн бир жолу бар, көп кабаттуу үйлөрдү курууну тез арада уюштурушубуз керек”, – деди Алтынбек Сулайманов.

Ал канализация менен суу көйгөйү чечилсе, көп кабаттуу үй маселеси да жолго коюларын кошумчалады.

“Үстүндө үйү бар – демек адамдын бутуна бекем турганынын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Бирок азыркы маяналар менен чатырлуу болууга тыйын топтоо үчүн бир нече жыл талап кылынат. Жаңы курулган үйлөргө жаштар жайгашсын дейли. Бирок ошол үйдү алганга каражаты жок да? 50 000 долларды кайдан табышат? Ал үчүн узак мөөнөттүү ипотеканы мамлекет чечип бериши керек. Жаштар болсо 20-25 жыл бою айына 100 долларга жетпеген акчаны төлөй беришет”, – деди Сулайманов.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!
Алтынбек Сулайманов – 5

Аткаруучу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.

Буюртмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы 1. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 22-ноябрь, 2021-жыл.