Аспек уулу Азамат: “Максатым — отуз жылдан бери сызда отурган эл үчүн мыйзамдарды жазуу”

“Эң биринчи максатым – карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзамдарды жазуу. Буга чейин депутаттар өздөрүнө ылайыктуу болгон, бизнесин жана байлыгын коргоого багытталган мыйзамдарды жазып келишти. Ошондон улам да, карапайым калк отуз жылдан бери сызда отурат. Максатымды ишке ашырууда жалгыз эмесмин, ар кайсы кесиптин ээлеринен турган чоң командам бар. Алар Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн мыйзамдарды жазышкан. Дал ошолорду Жогорку Кеңеште көтөрүүнү, алардын аткарылышын жана көзөмөлгө алынышын максат кылам”, — дейт Аламүдүн шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Аспек уулу Азамат.

Аспек уулу Азамат – 29 жашта. Ал Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында туулган. Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны аяктаган. 2012-жылы Ленин райондук сотунда судьянын жардамчысы, 2014-жылы “Samson silk road” фирмасынын юристи, 2016-жылы нефтини кайра иштеп чыгаруучу “Munay” компаниясынын башкы директору болгон. 2020-жылы “Мекенчил” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүп, 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына “Ынтымак” партиясынын тизмесинин катарында талапкерлигин койгон. 2020-жылы Бишкек шаарынын вице-мэринин кеңешчиси болуп дайындалган. Бир катар сыйлыктарга ээ, анын ичинде Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын алып, 2020-жылы “Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө жардам бергени үчүн” Бишкек мэриясынын грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, жубайы менен бир уулду тарбиялап келишет.

“Урматтуу, Аламүдүн районунун тургундары!

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары сиздерге инновациялык жана пилоттук долбоорлорду колдоп коюуга кайрылам. Мен аларды биздин райондо ишке ашырайын деп турам, сиздердин кызыкчылыкта иш алып барып, ар бир тургундун маселесин чечүүнү максат кылам. Биз сиздер менен гана бардык маанилүү пландарды ишке ашыруу жолунда БИРДИКТҮҮ КҮЧ боло алабыз. Сөзсүз биздин КОЛУБУЗДАН КЕЛЕТ! ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ, ЖАҢЫ ЖАШООГО ЧОГУУ БАРАЛЫ!”, — дейт Аламүдүн шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Аспек уулу Азамат.

№25 Аламүдүн шайлоо округу
№6 Аспек уулу Азамат

Аткаруучу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.

Буюртмачы: Аспек уулу Азамат. Нускасы 1. Аспек уулу Азаматтын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 25-ноябрь, 2021-жыл.