Чынар Капарова: “Элди сурантпай, элден сурап иш кыла турган заман эбак келген”

“Альянс” партиясынын талапкери Чынар Капарова шайлоочулар менен жолугушканда элди сурантпай, элден сурап иш кыла турган заман эбак келгенин айтты.

“Үгүт иштерин жүргүзүп элдин арыз-муңун, каалоо-тилектерин уктум. Мени өкүндүргөн нерсе – мугалимдердин талабы, суранычы болду. Алар өз киндиктерин өздөрү кесип көнүп калганын айтышып, менден парламентке барып өлкөнү өнүктүрүүгө, анын ичинен агартуу тармагын реформалоого салым кошууну өтүнүштү. Мен өзүм мугалим болгондуктан билим берүү, маданият тармактарындагы маселелерге басым жасай турганымды билдирдим. Андыктан жогорку окуу жайларына инвестиция тартуу, инновациялык жаңылыктарды киргизүү, мугалимдердин статусун жогорулатуу сыяктуу бир топ пландарым бар”, – деди Капарова.

«Альянс» – №3

Чынар Капарова – №16

Аткаруучу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.

Буюртмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы 1. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 24-ноябрь, 2021-жыл.