Дүйшөн Торокулов: “Быйыл эл өзү каалаган талапкерин тандап алуу укугуна ээ болду”

“Эл өз тандоосун жасап, татыктууларды парламентке алып келе алат”, — деди «Альянс» саясий партиясынан талапкер Дүйшөн Торокулов Ош шаарында шайлоочулар менен болгон жолугушууда.

Торокулов быйылкы добуш берүүнүн өзгөчөлүгүнө токтолду. Ал шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул жолу парламентке татыктуулар келет деген пикирин билдирди.

“Буга чейин Жогорку Кеңешке өз кызыкчылыгын көздөгөн олигархтар көп келди. Алар эл менен иштебей, капчыгына таянып жүрүштү. Жыйынтыгы кандай болду? Парламенттин аброю түштү. Өлкөдө туруксуздук жаралды. Андыктан бул шайлоодо мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, элим туура тандоо жасайт деп үмүттөнөм”, — деди Торокулов.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!
Дүйшөн Торокулов – 18

Даярдоочу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Күрөңкеев көчөсү, № 180. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 13-ноябрында даярдалды.

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы. Аткаруучу: ОО «Масс Медиа Групп». Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 155. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (Каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-жыл, БАШК).